7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда унаа менен тирүү карышкырды тебелеткен жаран изделүүдө

10808

Кыргызстанда унаа менен тирүү карышкырды тебелеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Instagram баракчасына «Бугу-Эне» коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сеитова жарыялады.

“Достор, бул ырайымсыздын жүзүн баары билиши үчүн таратып коюңуздар. Карышкырды жөн эле атып өлтүрбөстөн, жан-жаныбарларга аёосуз мамиле кылып кыйнаган мындай адамдарды эмне деп атоого болот. Бул жасаган кылыгынан соң ага кандай баа берилет? Албетте, адамдык сапатка жатпайт!» — деп жазган ал.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, видео Кыргызстанда тартылган. Кадрда белгисиз бирөө карышкырды жаралап, андан соң унаа менен тебелеткен.

Белгилей кетсек, видео @kypchakulanchyngyshov аттуу колдонуучунун профилине жарыяланган. Анын бул ырайымсыздыкка катыштыгы бар-жогу белгисиз. Автор жарыяланган сүрөттөрүнө караганда, ал Кыргызстанда жашайт. Учурда ал видеону аккаунтунан өчүрүп салган. Ал эми видеону «7- канал. Жаңылыктар…» телеграм-каналынан көрсөңүздөр болот.

https://t.me/kanal_7kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

10809