7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров менен Сардор Умурзаковдун жолугушуусунда эмнелер талкууланды?

391

Өзбекстанда жумушчу сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

«Мамлекет башчыларыбыз тарабынан айтылган демилгелерди жана макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу чек ара аймактарынын экономикалык өнүгүүсүнө мультипликативдик эффект түзүп, кошумча инвестицияларды тартууга, транспорттук жеткиликтүүлүктү чыңдоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жыйынтыгында калктын жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө түзөт деп ишенем», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле 30 жылдын ичинде эки республиканын ортосунда бир туугандык, өз ара түшүнүшүү жана колдоо көрсөтүү маанайында кыргыз-өзбек мамилелерин кеңейтүү жана чыңдоо боюнча бир топ иштер аткарылганын белгиледи.

Бул жаатта Акылбек Жапаров эки өлкөнүн экономикасы жакынкы келечекте тышкы соодадагы 2 млрд АКШ доллары көлөмүндөгү чекти басып өтүү үчүн жетиштүү потенциалга ээ экендигин баса белгиледи.

«Бул максатка цементти, көмүрдү, түстүү металлдарды, айыл чарба жана текстиль продукцияларын, химиялык жер семирткичтерди, тиричилик жана коммерциялык жабдууларды, фармакологиялык дармектерди өз ара жеткирүүлөрдү көбөйтүү аркылуу жетишүүгө болот», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков бардык түзүлгөн келишимдерди жана даяр долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

392