Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 1978-1983-жылдары өзү билим алган Д.И. Менделеев атындагы Россия химия-технологиялык университетине барып, ректор Илья Воротынцев жана проректор менен жолугушу өткөрдү.
Жолугушуунун алкагында студенттик кездерин эске салган аудитория, лабораторияга барып, мугалимдерге студенттик күндөрүндөгү кызыктуу учурлар менен бөлүштү.
Ошондой эле, университеттин заманбап лабораториянын иштөө процессине катышты.
Андан соң университеттин ректору Илья Воротынцев сыймыктуу студентин сыйлап, Динара Асиевнага «Ардактуу бүтүрүүчү» дипломун тапшырды.