7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду

635

Кайрат Иманалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу КРнын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулду.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы –Өлкөнүн дээрлик жалпы аймагын өзүнүн телеберүүлөрү менен камсыз кылган эң көлөмдүү корпорация болуп саналат. КТРКнын курамына “Коомдук биринчи канал”, “Музыка”, “Баластан”, “Маданият Тарых Тил”, “КТРК Спорт”, “Ала-Тоо 24” каналдары жана “Кыргыз радиосу”, “Биринчи Радио”, “Миң Кыял FM”, “Балдар FM”, “Достук” радиостанциялары кирет.

Коомдук биринчи каналдын тарыхы 1958-жылдын 8-декабрынан башталат. Кыргыз мамлекеттик телеканал, улуттук, андан кийин коомдук статустарга ээ болгон канал 65 жылдын ичинде коомчулуктун мактоосуна дагы, сынына дагы кабылып келет. Маданий-таанып билүү, социалдык-экономикалык, музыкалык-көңүл ачуучу, спорт дүйнөсүнүндөгү тематикаларды, көрсөтүүлөрдү көрөрмандарына кеңири багытта тартуулап келет.

Кыргыз мамлекетинин үнү болгон Кыргыз Радиосуна 92 жыл толду.

Корпорациянын тарыхы 1931-жылдан башталган. Кыргыз Радиосунун ачылышы телерадио корпорациясынын эң алгачкы тарыхы болуп эсептелет. Борбордук аткаруу комитетинин токтомунун негизинде республикалык радиоуктуруу комитетинин төрагасы болуп Бектурсунов Сүйүнтбек 1931-жылдын 20-декабрында, номери биринчи буйрук боюнча дайындалып, 1932-жылдын июлуна чейин иштейт. Андан соң, ошол кызматта Кыпчакбаев, Сармановдор эмгектенишет.

  • 1945-жылдын 28-мартынан тарта Радиомаалымат жана радиоберүү Комитети Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин алдында кайрадан түзүлөт.
  • 1965-жылдын 10 – апрелинен тарта Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун №539-Жарлыгы менен Комитет Мамлекеттик деген маккамга жетип, Радио жана телеберүү боюнча Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Мамлекеттик Комитети деп аталат.
  • 1964-1985-жылдарга чейин Кыргызстандын телерадиосун башкарган Асанбек Токомбаев эң узак жыл жетектеген жетекчи катары тарыхта калды. Телерадио комитетке бир күн жетекчилик кылуу оңой эмес. 1964-жылдан 1985-жылга чейин залкар инсан 21 жыл бир орунда үзүрлүү эмгектенип азыркы телерадио корпорациянын жамааты иштеген имаратты, Радио үйүн, Телестудиялык имаратты салдырган.
  • 1993-жылы агенство кайрадан комитет болуп өзгөртүлгөн. 1995-жылы Кыргыз телевидениесинде таңкы “Замана” студиясы ачылган.
  • 1996- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио комитети корпорацияга айландырылган. Кыргыз телевидениесинде Ала-Тоо маалымат борбору, Нур продюсердик борбору, Ата-Журт продюсердик борбору түзүлөт.
  • 2003-жылы КРнын Мамлекеттик телерадио корпорациясы- КРнын Улуттук телерадио корпорациясы деп аталып, “Улуттук” статуска ээ болот.
  • 2006-жылы КРнын Улуттук телерадио корпорациясы- КРнын Мамлекеттик телерадио комитети болуп өзгөртүлүп, анын жетекчиси башкы директор болуп өзгөртүлөт. Чыгармачылык бирикмелер редакцияларга, студияларга өзгөртүлгөн.
  • 2008- жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио комитети кайрадан Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясы деп аталат.
  • 2010-жылы Апрель элдик революциясынан кийин, Улуттук телеканал элдин талабы менен Коомдук телерадиоберүү корпорациясы болуп өзгөртүлгөн.

Кыргыз телевидениесинин биринчи диктору Сайнаке Жунушалиева,
Биринчи режиссер Жанузак Молдобаев,
Биринчи редактору Шаршеке Сматов,
Биринчи үн оператору Светлана Варибада,
Биринчи оператору Курманбек Өгөбаев болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

636