7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
8°C

Болотбек Тиллебаев УТРКнын башкы директору болуп дайындалды

284

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Болотбек Тиллебаев КРнын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды.

  • Тиллебаев Болотбек Кочкорович 1972-жылдын 7-февралында Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында төрөлгөн.
  • ​1994-2000-жылдары Бишкектеги “Дастан” технологиялык университетинин “Телекоммуникация жана радио уктуруу боюнча менеджмент” адистигин аяктап, 2005- жана 2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын “менеджмент” адистиги боюнча магистр даражасына ээ болгон.
  • ​Болотбек Тиллебаев 1992-1993-жылдары Жалал-Абад областтык телерадиокомпаниясынын алгачкы күндөрүнөн баштап оператор, видео-инженер, монтажёр жана режиссёр болуп иштөө менен турмуш сапарын баштаган жана областтык телерадиокомпаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири.
  • 1994-жылдан баштап 1997-жылга чейин КТРКда оператор, монтажёр жана видео-инженер болуп иштеп, анын техникалык кызматтарында өзүн алдыңкы адис катары көрсөтө алган. Ошол эле учурда техникалык адистикте иштеп туруп, Улуттук биринчи канал аркылуу 1994-жылдан 2004-жылга чейин телевидениеде өзүнүн автордук-музыкалык “Теледискотека” программасын эфирге алып чыгып, жаштардын сүйүүсүнө ээ болгон көрсөтүүнү даярдап келген. Анын бул эмгеги 2000-жылы КРнын премьер-министринин “Жаштар сыйлыгынын лауреаты” деген сыйлыгын жеңип алып, ошол жылдары КТРКда “Телекоммуникация жана радио уктуруу тармагынын менеджери” кесибинин мыкты ээси катары таанылган.
  • ​2000-жылдары кыргыз телевидениесинде өзгөчө даңазалуу болгон “Замана”, “Кыргыз көчү”, “Теледискотека”, “Кутман күнүң менен Кыргызстан”, “Адилет” укук каналдарынын долбоорлору Болотбек Тиллебаевдин телевидениедеги менеджерлик колдоосу менен эфирге чыгып келген. Ал 2003-жылга чейин КТРдин ТВ студиясынын режиссёру болсо, андан кийин ошол эле студиянын продюсери, директору болуп иштейт. Анын жетекчилиги менен ошол мезгилде кыргыз телевидениесинин программаларды долбоорлоо редакциясы аркылуу натыйжалуу жана мазмундуу эфирлер даярдалып келген.
  • 2011-жылдан 2016-жылга чейин КТРКнын телевидение боюнча программалар дирекциясынын директору болуп үзүрлүү кызмат кылган. Бул жылдарда бир нече ирет Улуттук биринчи каналдын мыкты продюсери жана мыкты теледолбоорлордун жеңичүүсү боло алган. “Мамлекеттик телеканалдын мыктысы” наамына ээ болгон.
  • Болотбек Тиллебаев Улуттук биринчи каналды техникалык жактан модериназациялоо максатында 2022-жылдан баштап башкы директордун орун басары катары эмгектенип келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

285