Бүгүн, 9-мартта жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ч.Айтматов жана М.Гшлиессера көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда, «Мазда 6» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу түштүк тарапты көздөй бара жатып, М.Гшлиессер көчөсүнүн кесилишинен «Тойота Королла» менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам — эки унаанын айдоочулары, «Мазда 6» унаасынын жүргүнчүсү жабыркаган.
Учурда унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертизалар дайындалды.