Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, телефондук сүйлөшүүдө Жапаров Мишустинди келе жаткан жаңы жылы жана рождество майрамы менен куттуктады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров белгилегендей, өтүп бара жаткан жыл кыргыз-орус мамилелери үчүн жемиштүү жана эки өлкө үчүн маанилүү окуяларга жана саясий байланыштарга бай жылдардан болду.
Белгилей кетсек, пикир алышуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.