Зиядин Жамалдинов майыптыгы бар Баарканга кыймылдаткычтуу араба белек кылды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жамалдинов 16 жаштагы майыптыгы бар Баарканга коляска берди. Ал жолугушууда Бааркандын муктаждыктары тууралуу маалыматты социалдык тармактардан билгенин айтты.
“Мен Бааркан кызыбызга коляска керек экенин социалдык тармактардан окуп калып, анын тилегин орундаталы дедим. Буга чейин Бааркан өлкө башчысына кат жазып, смартфон сураган экен. Биз жаңы жылдык балатыда президенттин белекгин бердик эле. Бүгүн дагы бир кыялын орундатып кыймылдаткычы бар араба белек кылдык. Бааркан менен сүйлөшүп, келечекте IT адиси болууну кыялданат экен. Кийинки жылы Баарканга ноутбук белек кылабыз деген планым бар”, — деди Жамалдинов.
Белгилей кетсек, Ош облусунун Кара-Суу районунун Правда айылынын 16 жаштагы тургуну Баарканга буга чейин өлкө башчысынын атынан смартфон белекке берилген.