7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Нарындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышты

896

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Торугарт – Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Акылбек Жапаров «Фантузи» контейнердик кранынын иши менен таанышып чыгып, мындан ары карай жүктөө «Арка» районунда эмес, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырылаарын жана жүк ташуучу унаалардын саны көбөйтүлөөрүн белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле дезинфекциялык барьердин абалы менен таанышып, аталган пункттун инфраструктурасын жакшыртууну тапшырды.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Тайлак Баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

897