Коомдук телерадио берүү корпорациясынын мурдагы директору Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеге таянып,
Бактияр Алиевди эмгек жамаатына 18-октябрда вице-премьер-министр Эдил Байсалов тааныштырды.
15-октбярда Бактияр Алиев КТРКнын башкы директору кызматынан алынган. Ал башка кызматка өтөрү кабарланган.
Социалдык фондду буга чейин Жаныбек Орозалиев жетектеген. Ал 2021-жылдын май айынан октябрь айына чейин иштеди.