7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын президенти менен жолугушту

431

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Исламабад шаарындагы (Пакистан) жумуш сапарынын алкагында Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари менен жолугушту.

Анда МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу орундардын бирин ээлей турганын өзгөчө белгилеп:

«Биз сиздердин өлкө менен соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө абдан кызыкдарбыз»-деди.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасы БУУ, Шанхай Кызматташтык Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму, Экономикалык Кызматташтык Уюму ж.б.  эл аралык уюмдардын алкагында бири-бири менен активдүү кызматташаарын белгиледи.

Жолугушууда тараптар  соода-экономикалык кызматташтыктагы маселелерди кеңири талкуулашып, инвестиция, энергетика, транспорт жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

 

432