7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров: Популярдуу маркетплейс байпак сатып алышым керектигин эскертти

602

Жасалма интеллект электрондук соодада активдүү колдонулуп келет. Ал кишинин муктаждыктарын жакындарына караганда жакшы билет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров E-COMKG 2023 эл аралык форумунда билдирди.

Анын айтымына караганда, дүйнө глобалдык санариптик трансформацияны баштан кечирип жатат. Анын кесепетин алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Жасалма интеллект, кванттык компьютерлер, криптовалюта жана башка технологиялык тренддер эртеңки күндү бүгүнкүдөн башкача кылып жатат.

«Кечээ күнү Chat GPT системасын мамлекеттик органдарда колдонуу канчалык ыңгайлуу болорун активдүү талкуулап жаттык эле, бүгүн болсо миңдеген окумуштуулар менен технологдор, Илон Маск баш болуп жасалма интеллектини ишке киргизүүнү токтотууга чакырышууда. Алардын пикири боюнча, бул нерсе адамзатка коркунуч жаратат», — деди ал.

Жапаровдун айтымында, технологиялар электрондук коммерцияда активдүү колдонулуп келери баарына белгилүү.

«Популярдуу маркетплейс мен байпак сатып алышым керектигин эскертти. Кийип жүргөн байпагым чындап эле эскирип калганын ошондо байкадым. Жасалма интеллект менин кызымдан көбүрөөк билеби? Же ал болгону камкорбу?» — деди Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

603