Бүгүн Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Бул күнгө карата Улуттук статистика комитети атайын маалыматтарды чогулткан.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун ролун жогорулатуу максатында, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өлкөнү өнүктүрүү процессине кошкон салымын эске алуу менен КР өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы токтому менен КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлеринин күнү белгиленген.
2023-жылдын башына карата Кыргызстандын мамлекеттик кызматчыларынын саны (коргонууну, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын маалыматтарын эске албаганда) 18 миңден ашык адамды түздү, алардын 41 пайыздан ашыгы аялдарга туура келди.
Ошого карабастан, мурдагы жылдардагыдай эле, 2022-жылы мамлекеттик кызматта иштеген эркектердин басымдуу бөлүгү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишмердиги чөйрөсүндө да (59%) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да (62%) сакталып калган.
Мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген мамлекеттик кызматчылардын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин саны
Миң. адам | Жыйынтыгына карата пайыз менен | |
Мамлекеттик кызматкерлер | 18,1 | 100 |
алардын ичинен | ||
мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү | 0,5 | 3,0 |
аткаруу ишмердүүлүгү | 13,6 | 75,2 |
сот ишмердүүлүгү | 4,0 | 21,8 |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери | 10,1 | 100 |
Коргоону, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуучу мамлекеттик органдарды эске албастан.
2023-жылдын башына карата мамлекеттик кызматкерлердин жалпы санынын жарымынан көбү (53%) ишмердүүлүгүн Бишкек шаарында жүргүзүшкөн.
2023-жылдын 2-январына карата аймак боюнча мамлекеттик кызматкерлер
(адам)
Мамлекеттик кызматкерлер | анын ичинде кызмат орундары боюнча | ||
---|---|---|---|
саясий жана атайын | административдик | ||
Кыргыз Республикасы | 18 069 | 1 298 | 16 771 |
Баткен облусу | 761 | 33 | 728 |
Жалал-Абад облусу | 1 746 | 82 | 1 664 |
Ысык-Көл облусу | 1 052 | 43 | 1 009 |
Нарын облусу | 899 | 42 | 857 |
Ош облусу | 876 | 51 | 825 |
Талас облусу | 688 | 37 | 651 |
Чүй облусу | 1 133 | 28 | 1 105 |
Бишкек шаары | 9 611 | 931 | 8 680 |
Ош шаары | 1 303 | 51 | 1 252 |
2022-жылы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 10 миңден ашык адам иштеген, алардын 8,6 миңден ашууну муниципалдык кызматкерлер болгон. Муниципалдык кызматкерлердин жалпы санынын үчтөн биринен көбүн аялдар түзгөн.
2023-жылдын 1-январына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин саны
(адам)
Бардыгы | Алардын ичинен | |||
---|---|---|---|---|
саясий муниципалдык кызматтарда иштегендер | административдик муниципалдык кызматтарда иштегендер | имараттарды кайтаруу жана тейлөө боюнча персонал | ||
Кыргыз Республикасы | 10135 | 517 | 8100 | 1518 |
Баткен облусу | 948 | 45 | 748 | 155 |
Жалал-Абад облусу | 2028 | 79 | 1667 | 282 |
Ысык-Көл облусу | 1093 | 66 | 858 | 169 |
Нарын облусу | 907 | 65 | 690 | 152 |
Ош облусу | 2259 | 92 | 1918 | 249 |
Талас облусу | 610 | 39 | 431 | 140 |
Чүй облусу | 1843 | 116 | 1440 | 287 |
Бишкек шаары | 358 | 10 | 285 | 63 |
Ош шаары | 89 | 5 | 63 | 21 |
Мамлекеттик кызматкерлердин кынтыксыз чынчылдыгы, жоопкерчилиги гана жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, бийликтин бардык деңгээлдеринде процесстерди натыйжалуу башкарууну сабаттуу уюштурууга мүмкүндүк берет.