7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Татарстандын президенти менен жолугушту

698

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Жапаров жана Минниханов мамлекеттик тузүмдөрдү санариптештирүүгө өзгөчө басым жасашты.

Министрлер Кабинетинин башчысы Татарстан Республикасы менен кызматташууда ишке ашырыла элек чоң потенциал бар экендигин белгиледи.

«Биз өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярбыз. Кеп пандемиядан соң жандана баштаган курулуш тармагы, айыл чарба техникасынын лизинги, баалуу кагаздар рыногу жана өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү тууралуу жүрүүдө. Кыргыз Республикасы экономиканы ыкчам өстүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулууда», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Татарстан Республикасынын Президенти «Кыргызстан — Татарстан» ишкер форумунун жогорку денгээлде уюштурулгандыгын белгилеп, мындай иш-чаралар бардык деңгээлдеги өнөктөш өз ара аракеттенүүлөрдү тереңдетүү үчүн мыкты аянтча катары кызмат кылаарын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

699