Жалал-Абад облусуна жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тогуз-Торо районунун жергиликтүү активи менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийиштүү суроолор көтөрүлдү. Ошондой эле Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарга токтолуп, дагы бир ирет президенттин «КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын так аткаруу зарылдыгы тууралуу эске салды.
«Кечээ Президенттин Жарлыгынын аткарылышын бузган жактар жоопкерчиликке тартылды. Алар үгүт кампаниясына кийлигишкен. Бул адамдар бир топ жыл кызматта иштеп жүрүп, бир учурда андан айрылышты. Биз алдыдагы шайлоону ачык-айкын, мыйзамды бузбастан өткөрүүбүз зарыл», — деди ал.
Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, жаңы жолдор райондун жана жалпы эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
«Эми райондун инфраструктурасын жаңыртууну баштоо керек. Жаңы жолдорго жана инфраструктуралык объектилерге аяр мамиле жасоо зарыл. Кытай инвесторлору биз менен иштөөгө даяр. Эгерде биз инвесторлор менен иш алып бара алсак, өлкөгө мындан да көп инвестиция тарта алабыз»,-деди Акылбек Жапаров.
Белгилей кетсек, Жапаров жергиликтүү бийлик органдарына инвесторлор тараптан жергиликтүү калк үчүн социалдык долбоорлордун ишке ашырылышын тездетүүнү тапшырды.