7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ОшМУнун жамааты ректор Кожобековду кызматтан кетирбей сактап калды, ал кандай иштеген?

5010

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков ээлеген кызматынан кеткен жок, убактылуу четтетилди. Бул тууралуу ОшМУнун маалымат катчысы Медербек Ниязалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, «студенттердин үгүт ишине катышуусу» боюнча ишти Билим берүү жана илим министрлигинен түзүлгөн атайын комиссия кайра иликтеп чыгат. Комиссиянын иликтөөсүнөн кийин чечим кабыл алынмак болгон.  Мындай чечим, окуу жайдын жамаатынын кайрылуусун эске алуу менен чыгарылган.

Кудайберди Кожобеков ким?  Окуу жайга качан келген жана кандай иштерди жасады деген суроо жаралып жатса керек.

Ал аталган окуу жайга 3 жыл алдын, 2019-жылы  5-ноябрда ректор болуп жамаат тарабынан шайланган. Ага чейин про-ректор, мурдагы ректор, маркум Каныбек Исаков министрликке которулгандан кийин ректордун милдетин аткаруучу болгон.
 Кожобеков кызматта турган 3 жыл ичинде окуу жайдагы өзгөрүүлөр жана жасалган иштер тууралуу атайын маалыматты колдоочулары жарыялады.

Акыркы үч жылда 150дөн ашуун келишим түзүлдү.

  • Пекин шаарында Кытайдын Борбордук улуттар университетинин ректору Хуан Тайян менен «Кыргыз-Кытай гуманитардык алмашуу борбору» ачылды.
  • Үрүмчү шаарында Синьцзян педагогикалык университети,
  • РФнын Түштүк Урал мамлекеттик университети,
  • Урал мамлекеттик педагогикалык университети,
  • Приволжск медициналык изилдөө университети,
  • Чуваш мамлекеттик педагогикалык университети,
  • Санкт-Петербург чет тилдер институту,
  • Шанхай саясий-юридикалык университети,
  • Ханбат улуттук университети,
  • Дели инженердик-технологиялык университеттин Ганди институту,
  • Сум мамлекеттик университети,
  • Астана медициналык университети,
  • Т.Жургенов атындагы казак улуттук искусство академиясы,
  • Самарканд ветеринардык медицина институту,
  • Чирчик мамлекеттик педагогикалык институту,
  • С.Айни атындагы тажик педагогикалык университети,
  • Абу Али ибн Сина атындагы таджик медициналык университети,
  • Польша экономикалык университети,
  • Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университети,
  • Санкт-Петербург мамлекеттик политехникалык университети жана
  • “Военмех” Балтика мамлекеттик техникалык университети менен келишимдерге, меморандумдарга кол коюлган.
АККРЕДАЦИЯ, ЭЛ АРАЛЫК РЕЙТИНГ
  • ОшМУнун www.oshsu.kg сайты дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын Webometrics рейтингинде Кыргызстандын университеттеринин алдыңкы бештигине кирди.
  • «IAAR Eurasian University Rankings-2021» эл аралык рейтингинин жыйынтыгы боюнча Ош мамлекеттик университети «НААР Евразия көп тармактуу университет сыйлыгы» категориясында мыкты деп табылып, Евразия мейкиндигиндеги мыкты университеттердин ТОП-10дугуна кирди.
  • Борбордук Азиядагы эң алдыңкы 5 университеттин бири аталды.
  • Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги өткөргөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги – 2021” программасынын жыйынтыгы боюнча ОшМУ ГЕНЕРАЛДЫК рейтингде катары менен төрт жыл 1-орунду камсыздады.
  • ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жогорку билим берүү тармагына олуттуу салым кошкондугу жана Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы билим берүүгө багытталган кызматташтыкты бекемдөөдөгү кошкон үзүрлүү эмгеги үчүн А. Байтурсынов атындагы Күмүш медал менен сыйланды.
ИНФРАСТРУКТУРА
— ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжине Азия өнүктүрүү банкынан 1 млн доллар гранд бөлүнүп, учурда №2 жатакана, индустриалдык-педагогикалык колледжинин концерттик залы капиталдык ремонттон өтүүдө. Жакында 115 миң долларлык окуу-техникалык каражаттар: компьютерлер, принтерлер, акылдуу доскалар, ал эми студенттик жатакана үчүн кир жуучу машиналар, муздаткычтар, микротолкундуу мештер алынып келинди;
— Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин аймагына спорттук комплексинин курулушу;
— Индустриалдык-педагогикалык колледждин 3 кабаттуу жаңы окуу имаратынын курулушу;
— Димедиус жана морфология окуу комплекси 2 кабаттуу эки окуу имаратынын курулушу;
— ОшМУнун жогорку билим берүү программалар мектебинин 5 кабаттуу окуу имаратынын курулушу аяктады.
— ОшМУнун “Билим” лицейинин 3 кабаттуу окуу имаратынын курулушу;
— Финансы-юридикалык колледжинин спорттук комплекси;
— ОшМУнун медициналык клиникасына кошумча курулушу;
— ОшМУнун медициналык клиникасына операциялык, жандандыруу жана хирургия бөлүмдөрүн жасоо иштери башталды.
Эл аралык, шаардык деңгээлдеги конференциялар, маданий, спорттук иш-чара тынымсыз өттү.
АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
Жыл сайын 500гө жакын студент (магистрант), 300гө жакын окутуучулар академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү 282 университетке Эразмус+, Мевлана, ITEC, DAAD, Орхун, ШКУУ, «Ош декларациясы» ж.б.у.с. программалардын жана эки тараптуу кызматташтык келишимдеринин алкагында барып, окуп, тажрыйба алмашып келет.
СТУДЕНТТЕРГЕ КАМКОРДУК
Студенттерибизди колдоо максатында олимпиаданын, эл аралык фестивалдардын, эл аралык спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө атайын белгиленген акчалай сыйлыктар каралган. Ошондой эле социалдык колдоого муктаж студенттерге 5 000 000 сомдон ашуун колдоолор көрсөтүлүп келет.
Буга чейин жыл сайын эң мыкты 5 студентке берилип келген 1,200$ өлчөмүндөгү стипендия быйылкы жылы 10 студентке көбөйдү.
АЙЛЫК-АКЫ
2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ош мамлекеттик университетинде Илимдин докторлорунан баштап, катардагы окутуучулардын, көмөкчү кызматкерлердин маянасы атайын каражаттардын эсебинен көтөрүлдү. Бир ставкада эмгектенген илимдин докторлору, профессорлордун маянасына 6000 сом, илимдин доктору доценттерге 5750 сом, илимдин кандидаттарына 5000 сомдон, окумуштуулук даражасыз улук окутуучуларга 3000 сомдон, окутуучуларга 2500 сомдон, окуу-көмөкчү персоналдарга 3500 сомдон 1500 сомго чейин, административдик-чарба персоналдарга 3000 сомдон 1000 сомго чейин, структуралык түзүмдөргө 3000 сомдон 1000 сомго чейин айлык маяна кошулду.
ОшМУдагы бир ставкадагы эң жогорку айлык 41500 сомду, ал эми окутуучунун айлыгы 29650 сомду түзөт.
Ош мамлекеттик университети жыл сайын эмгек акыны ырааттуу жана системалуу түрдө үзгүлтүксүз жогорулап келе жатат. Акыркы он жыл аралыгында 11 ирет жогорулады.
Окуу жайда декабрь айында эмгек акыдан сырткары ар бир кызматкерге жаңы жылга карата бир айлык өлчөмүндө 13-айлык сыйлык акча да берилип келет.
ОшМУда илимий иштерин ийгиликтүү коргогон илимдин докторлоруна 100 000 сом, илимдин кандидаттарына 50 000 сом сыйлык берилет. Эл аралык деңгээлде таанылган Web of science, Scopus сыяктуу илимий журналдарга жарыяланган бир макала үчүн авторго 10 000 сомдон сыйлык ыйгарылат.
САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮН ТҮЗҮҮ
http://edoc.oshsu.kg/ AiDoc системасы иштелип чыгып, ал аркылуу структуралар арасында документ айлантуу электрондук форматка өттү.
Университеттин электрондук кампусу түзүлүүдө. Факультеттер арасында оптобулалуу өткөргүч аркылуу байланыш түзүлүп, аларды жалпы системалар менен камсыздоо үчүн дата-центр уюштурулган жана автономдуу электр генератору коюлган.
Онлайн тест алуу үчүн https://testapp.portal.oshsu.kg/ тест системасы түзүлүп ар-бир окутуучуга жеке каана уюштурулду жана экзамен учурунда тапшырып жаткан студенттин өздүгүн аныктоо прокторинг аркылуу жүргүзүлдү.
Бүтүрүүчү курстарды аралыктан экзамендерди жана МАКты тапшыруусун уюштуруу максатында http://webinar.oshsu.kg/ видеоконференция программасы түзүлдү.
http://tabel.oshsu.kg/ системасын түзүү менен кызматкерлердин табелдерин тапшыруу онлайн форматка өткөрүлдү, анда система дем алыш күндөрдү өзү көрсөтөт жана эсептелген маалыматтарды 1С бухгалтерия программасына жүктөйт.
Илимий-изилдөө иштердин сапатын жогорулатуу, маалыматтын жеткирүүнүн ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу максатында http://vestnik.oshsu.kg веб порталы жаңы маалыматтар менен толукталды.
Антиплагиат http://plagiat.oshsu.kg программасы аркылуу текшерүү жүрүүдө.
Кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында «Адис» окуу борборунун өтүнүчү менен абитуриенттердин кесиптик жөндөмдүүлүгүн аныктоочу http://test.oshsu.kg/ порталы иштелип чыгып 15 миндей мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн тест алынды жана кесиптик жөндөмдүлүлгүнө жараша кесиптер сунушталды.
2020-2021 окуу жылынан тарта ОшМУ «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу маалымат алмаша баштады, анда Билим берүү жана илим министрлигинин базасынан дипломдорду текшерүү http://sev.oshsu.kg/ сервиси аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Онлайн тест алуу үчүн https://testapp.portal.oshsu.kg/тест системасы түзүлүп ар-бир окутуучуга жеке каана уюштурулду жана экзамен учурунда тапшырып жаткан студенттин өздүгүн аныктоо прокторинг аркылуу жүргүзүлдү.
Студенттерге кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн форматка өткөрүү максатында http://ab.portal.oshsu.kg/ айланма баракча сервиси иштеп баштады, анда студент окуу жайга келбей эле айланма баракчаны онлайн толуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
http://teacher.portal.oshsu.kg/Профессордук окуттуучулук курамдын электрондук өздүк баракчасы түзүлүп, анда ар-бир окутуучу рейтингке катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Билим берүүдө окутуучуларга http://aerjs.oshsu.kg/ сайты түзүлүп сабак учурунда онлайн силлабус жана онлайн журнал функциясы кошулду.
http://tabel.oshsu.kg/ – ОшМУнун бардык структуралардын кызматкерлеринин иштеген убактысынын учету-табелин аралыктан түзүүгө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5011