7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Акылман” лицейи Билим берүү министрлигинин карамагынан чыгарылды

543

Президент Садыр Жапаров “Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу иштеп жаткан “Акылман” президенттик лицейи Билим берүү жана илим министрлигинин карамагынан чыгарылат жана түздөн-түз президентине баш ийет.

“Акылман” президенттик лицейин каржылоо толугу менен президенттин фондунун эсебинен жүргүзүлөт. Бул лицейдин жогорку башкаруу органы болуп Көзөмөлчүлүк кеңеши эсептелет, президент анын төрагасы болуп саналат.

Көзөмөлчүлүк кеңешинин түзүмү, компетенциясы, түзүү тартиби, мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү, алардын чечимдерди кабыл алуу тартиби “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” мыйзамы жана президент тарабынан бекитилүүчү Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө жобо менен аныкталат.

544