7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыркы коңгуроо сиздин акыркы күнүӊүз болбошу керек!

558

Жалал-Абаддагы милиция кызматкерлери акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздук чараларын күчөтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ эскертет.

“Жалал-Абад облусундагы мектеп бүтүрүүчүлөрү, 25-май акыркы коӊгуроо салтанатын билим берүү мекемелеринен сырткары жакта уюштурууга катуу тыюу салынарын эскертебиз! Кандайдыр-бир тартип бузуулар орун ала турган болсо, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт.
Майрамдык оюн-зоокторду жаратылыш койнунда уюштурууга, автоунаалардын коштоосунда жүрүүгө, түнкү клубдарда эс алууга тыюу салынат”,- деп берилет билдирүүдө.

25-майда шаардык милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алышат.

559