7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алдамчылыкка шектелип УКТ менен байланышы бар жаран кармалды

426

Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип, УКТ менен байланышы бар КР жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Уюшкан кылмыштуу топтун колдоосу астында, алдоо жана коркутуу жолу менен С.Э. аттуу жарандын мүлкүн жана биргелешкен бизнестеги үлүшүн ээлеп алган КР жараны А.М.Т кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Анын Бишкек шаарынын аймагындагы аянты 3 гектардан ашык, баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 10 миллион АКШ долларын түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Ал криминалдык авторитет менен туугандык байланыштын артына жашынып, көзөмөлдөөчү органдарды коркутуу жолу менен муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн белгиленген 3 миллион сомдон ашык суммадагы ижара акысын кем баалап, төлөгөн эмес.

Учурда тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

 

427