Жалал-Абаддагы милиция кызматкерлери акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздук чараларын күчөтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ эскертет.
“Жалал-Абад облусундагы мектеп бүтүрүүчүлөрү, 25-май акыркы коӊгуроо салтанатын билим берүү мекемелеринен сырткары жакта уюштурууга катуу тыюу салынарын эскертебиз! Кандайдыр-бир тартип бузуулар орун ала турган болсо, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт.
Майрамдык оюн-зоокторду жаратылыш койнунда уюштурууга, автоунаалардын коштоосунда жүрүүгө, түнкү клубдарда эс алууга тыюу салынат”,- деп берилет билдирүүдө.
25-майда шаардык милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алышат.