17-июлга карата Бишкектен 6, Баткенден 3, Жалал-Абад жана Нарын облустарынан бирден, жалпы 11 бейтап COVID-19 вирусунан көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
17-июлга караган акыркы сутка ичинде дагы 1564 адамдан илдет табылган.
- Бишкекте — 778,
- Ош шаарында — 33,
- Чүй облусунда — 205,
- Ош облусунда — 48,
- Талас облусунда — 24,
- Нарында — 24,
- Ысык-Көлдө — 51,
- Жалал-Абадда — 85,
- Баткен облусунда — 116 адам коронавируска чалдыккан.
Ушуну менен былтыр марттан бери 147 968 адам COVID-19 вирусуна чалдыккан. 124 058 адам илдетти жеңип, сакайып чыкты. 2165 адам оорудан көз жумду.