7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акжол Махмудов Армениялык Чалянды жеңип, финалга чыкты

1200

Эл аралык класстагы спорт чебери Акжол Махмудов жарым финалдагы атаандашы Армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсебинде жеңип чыгып, финалга өттү. Бүйүр кызыткан жарым финалдык оюн 2-август, 15:15те башталып, 15:40да жыйынтыкталды.

Дээрлик акыркы 40 секундга чейин атааңдашын 6:1 эсебинде  кармап келип, акырында бир балл кошулушуна мүмкүнчүлүк берди. Бирок, жеңиш алда качан эле Акжолдун капчыгында болчу.

Эми, финалдык беттеште Венгриялык Тамас Лоринц менен беттешет. Финалдык оюм эртең, 3-августта болот. 

Акжол Махмудов эртеңки оюнда жеңсе жеңилсе да Олимпиада медалына ээ болот. Бул медаль Кыргызстанга 2008-жылдан кийинки алгачкы жеңиш болот.

Эске салсак, эртең 3-августта Кыргызстандын сыймыгы, Айсулуу Тыныбекова алдар арасындагы күрөшкө чыгат. Өлкө ичиндеги эле эмес, дүйнө жүзүндөгү эксперттер Тыныбекованы алтын тагынчуу балбандардын сап башына коюп, оюнду чыдамсыздык менен күтүп келет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1201