7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Арча дарыясынын үстүндөгү “111” бары алынууда

319

Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Ала-Арча дарыясынын үстүндөгү 10-кичирайондо жайгашкан “111” барын бузуу иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен борбор калаадагы дарыялардын нугун жана каналдарды тазалоо, мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо менен бирге масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.

Бул иштердин алкагында суу объектилеринин жер участокторуна максаттуу багытын бузуу менен, зарыл болгон уруксат кагаздарын албастан, шаар куруу нормаларын жана эрежелерин бузуу менен курулган объектилерди аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Маселен, бүгүнкү күнгө чейин Аламүдүн дарыясынын жээгинде жайгашкан тиешелүү уруксаат документтери жок 44 объект демонтаждалган.

Буга чейин аталган объект боюнча шаардык кызматтар сотторго доо арыз менен кайрылган.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын сот органдары муниципалдык бийлик органдарынын талаптарын канааттандырышты.

Бул сот чечимдери менчик укугун токтотуу максатында каттоо органдарында катталат.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине ылайык, ошондой эле “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык көпүрөгө тургузулган объект муниципалдык менчик болуп саналат.

Кырсык болгондо мындай объектилер чоң коркунуч жаратат.

Белгилей кетсек, бул багыттагы иштер улантылат.

Урматтуу шаар тургундары! Объекттерди талапка ылайык келтирип берүүңүздөрдү суранабыз, антпесе муниципалитет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде чараларды көрөт.

320