7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Арча суу сактагычынан 51 жаштагы жаран изделүүдө

701

Ала-Арча суу сактагычынан 51 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандын кийимдери суунун жээгинен табылган.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 24-август күнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Ала-Арча суу сактагычына 1971-жылы туулган У.И. аттуу эркек киши балык уулоого чыгып, кайра кайтып келбегиндиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Ошол эле күнү жеринде издөө иши жүргүзүлүп, жарандын кийимдери суунун жээгинен табылган.

Бүгүн издөө иштерин улантууга Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6 куткаруучу саат 08:50дө тартылды.

 «Бул күнү да керектүү шаймандар менен барган суучул-куткаруучулар тарабынан «Ала Арча» суусунун агымы азайтылып, суу сактагычтын башынан «Ак жол» бекетине чейинки аралык изделет»,- деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

702