«Ленин району, Шота-Руставели менен Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн болжол менен 1 эркек киши Ала-Арча суусуна секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине түнкү саат 01:40та Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Издөө иштердин натыйжасында, сууга секирип кеткен жаран тууралуу маалымат тастыкталган жок» -деп жазылат.
Тасмада көрүнүп тургандай издөө иштери түнкү караңгыда жүрдү. Жаран секирген болсо куткаруучулар келгиче агып кеткен болушу мүмкүн. ӨКМдин маалымат кызматы канча километр изделгенин ачыктаган эмес. Балким жаран секирген деле эмес, бул иш иликтөөгө алынышы керек!