Ошто электр жарыгынын жоктугунан улам бир жаштагы кыз реанимацияга жаткырылды. Бул тууралуу Биринчи балдар хосписинин жетекчиси Ольга Труханова социалдык баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, үйдө эки күндөн ашык жарык жок болуп, наристеге кычкылтек концентратору жетишпей калган.
«Ал какырыгын тынымсыз чыгарып турууга муктаж болгон. Бизде электр жарыгына мүнөт сайын муктаж болуп, аппарат менен жашаган балдар бар. Эмне үчүн биздин балдарыбыз ар тараптан коркутулат? Эгерде өлкөбүздө электр жарыгы жетишсиз болсо, анда электр жарыгын өчүрүүдөн мурун бул үй-бүлөлөрдү генераторлор менен камсыз кылып, алардын райондорунда электр жарыгы өчөрүн алдын ала эскертип баштаса жакшы болмок», — деп жазган активист.
Учурда 7-каналдын кабарчылары бул факт боюнча жеринен маалымат алып берүү аракетин көрүүдө.