10-ноябрга карата коронавирус дагы 46 адамдан аныкталып, 69 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.
- Бишкек шаарында – 28,
- Чүй облусунда – 2,
- Ош облусунда – 1,
- Нарын облусунда – 5,
- Ысык-Көл облусунда – 10 адамдан илдет жаңы табылган.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 583 бейтап, амбулатордук түрдө 778 адам дарыланууда.
Пандемия башталгандан бери 181 миң 982 адам коронавирус жуктуруп алган.