Сокулукта уурулукка шектелип 20 жаштагы жигиттер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-октябрда Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынын М.А. аттуу тургуну кайрылып, үйүнүн жанында токтоп турган “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндүгү автоунаасынын аккумуляторун белгисиз жарандар уурдап кеткендигин кабарлаган.
Аталган факт Сокулук РИИБнин КЖБРне КР Жазык кодексинини 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши
башталган.
Кылмышка шектүү Бишкек шаарынын убактылуу тургуну 2001-жылы туулган А.Б. жана Э.М. аттуу балдар кармалып, алардын башка ушундай эле 6 факт кылмыштарга тиешеси бар деп аныкталууда.
Аларга карата КР Жазык кодексинин 200-беренеси менен шектүү жөнүндө кабарлама берилип, ошол эле күнү Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.