Ала-Арча тоосуна 3-август күнү чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан атасы менен кызынын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн издөө иштерине, жерине ӨКМге караштуу КДМБдан 5 куткаруучу, Ысык-Ата райондук ӨКБдан дрон менен 1 офицер жана туугандарынан 15 адам тартылган.
Сууга агып кеткен жарандын сөөгүн куткаруучулар саат 15:30да таап, суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Андан кийин бир нече саат издөө иштерин жүргүзгөн соң 8 жаштагы кызынын сөөгүн таап, аны да өткөрүп беришти.