Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ала-Арчада каза болгон өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу жагдайларды текшерүүнү тапшырды.
Текшерүүдө жардам сураган чалуунун өз убагында кабыл алынышы, издөө иштеринин уюштурулушу, куткаруучулардын өз ара аракеттенүүсү жана техниканын колдонулушу каралат.
Текшерүүнүн жыйынтыгы коомчулукка жарыяланып, мыйзам бузуу аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт.



