Бишкектин Түштүк-пландоо зонасында 7000 чарчы метр аянтты ээлеген 900 орундуу мектептин курулушу аяктап жатат.
Курулуш министрлиги билдиргендей, беш блоктуу мектепте окуу корпустары, ашкана, китепкана, жыйындар жана спорт залдары болот. Ошондой эле футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары каралган.



