7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кумтөрдүн” кызматкери эл аралык сынакта ийгилик жаратты (ВИДЕО)

6

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын алдыңкы адиси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Марат Ибраев Италияда өткөн “Sanremo Senior 2026” эл аралык ыр сынагында “Prix Committee 2026” сыйлыгына татыды.

Сынак Италиянын Сан-Ремо шаарында өтүп, ага дүйнөнүн 21 өлкөсүнөн 50дөн ашык аткаруучу катышкан. Марат Ибраев белгилүү италиялык ырчы Пеппино Ди Капринин «Champagne» чыгармасын аткарып, калыстар тобунун жогору баасына ээ болгон.

Маалыматка ылайык, “Prix Committee 2026” сынактын абройлуу сыйлыктарынын бири болуп, өзгөчө чыгармачылык чеберчилигин көрсөткөн катышуучуларга ыйгарылат.

Белгилей кетсек, Марат Ибраев 2023-жылы Италиянын Пезаро шаарында өткөн “Sun of Italy” эл аралык музыкалык фестивалында «Академиялык вокал» номинациясы боюнча 60 катышуучунун арасынан биринчи орунду алган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

7