Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын орнотуу иштери башталды.
Бишкек мэриясынын маалыматка ылайык, балатынын бийиктиги 32 метрди, диаметри 13 метрди түзөт. Анын металл каркасына 3 миң 800 даана ийне жалбырактуу дарактын бутагы бекитилет.
Орнотуу иштерин «Тазалык» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жүргүзүүдө.



