7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Букада 35 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

149

Ала-Букада 35 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

2004-2022-жылдар аралыгында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жана Ала-Бука районунун жер ресурстары кызматынын филиалынын (мурда Кадастр) жооптуу кызматкерлери жалпы пайдалануудагы жерлерге (автобекеттин аймагы жана башкалар) жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды, башкача айтканда социалдык объекттерди беришкен. Бул КР мыйзамдарына каршы келет. Аталган жерлердин жалпы аянты 1,20 гектарга барабар.

Мындан тышкары, «Кыргызтелеком» ААКтын жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн ички буйругу менен жеке жактарга жер тилкелерин берип жатканы аныкталган.  Ошондой эде Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан трансформацияланбаган жерлерден жер тилкелерин бөлүп берүү чечими кабыл алынган.

Кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке олуттуу зыян келтирилип, «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жана «Кыргызтелеком», Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Ала-Бука филиалынын, жалпы мурдагы жана азыркы болуп 9 кызматкер кармалды. Алардын бардыгына айыбы угузулуп, соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Натыйжада жалпы баасы 35 млн сомдон ашкан бир нече жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды, анын ичинде автобекеттин жана почтанын имараты жайгашкан жер тилкелери да бар.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча дагы башка аныкталган фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

150