7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Букада 8 чек арачы кармалды

636

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда аткезчиликке көмөктөшкөн УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалды.

18-декабрга карган түнү Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, УКМКнын чек ара кызматынын жетекчилигинин жардамы менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан Чек ара кызматынын «Баймак-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери кармалды. Кармалган чек арачылар көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагы аркылуу жумуштан тышкаркы убакта мыйзамсыз жүк алып өтүү учурунда кармалган.

Такталгандай, көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунун кызматкерлеринин бул системалуу мүнөздөгү иш-аракеттери жана туруктуу контрабанда каналы уюштурулуп, жигердүү иштеп жаткандыгы аныкталды. Аталган чек ара кызматынын кызматкерлери акчалай сыйлык үчүн түн ичинде контрабандалык жүктөрдү өткөрүүгө жигердүү көмөктөшкөн. Мындан улам, бул кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында, чек-ара кызматынын көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунда атайын орнотулган видеокөзөмөл камераларын жаздырууга жол бербөө максатында, ошол объектинин бүткүл аймагында электр энергиясын өчүрүүгө барган.

Ошондой эле аталган чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан КРнын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөктөшүү жолу менен, «Баймак» көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунда мыйзамсыз аткезчиликти уюштуруу фактылары аныкталган.

Учурда бул контрабандалык ишке катышкан «Баймак-автожол» көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунун 8 кызматкери жана 5 жаран кармалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

637