7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Букада айыл башчыны 71 жаштагы аял бычак менен сайган

447

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда айыл башчысы бычак жеп ооруканага түшкөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 12-январда 51 жаштагы А.А. аттуу айыл башчы жолдун боюнда мыйзамсыз соода кылгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан маалда болгону айтылат.

«71 жаштагы аял айыл башчынын жүрөк тушуна бычак сайган. Жабырлануучу ооруканага жаткырылып, кол салган аял 48 саатка камакка алынды. Ошондой эле ал 1999-жылдан бери психикалык оорудан жабыркап, каттоодо тургандыгы аныкталган»,- дешти милициядан.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы айтылды.

 

448