11-январь күнү милицияга Ала-Бука айыл аймагында курулуш материалдарын сатуучу соода борбору өрттөнүп жаткандыгын кабарлашкан.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Ала-Бука районунун, Өзгөн районунун жана Кара-Кулжа районунун тургундары кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө Ала-Бука районунун 1990-жылы туулган Н.А. аттуу тургуну мурда соттолгондугу жана “Мурас” соода борбору 40 000 000 (кырк миллион) сомдук материалдык зыян тарткандыгы аныкталган. Ал 29-январь күнү Ала-Бука райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.