7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Букада үй-бүлө мүчөлөрү иске ууланып каза болду

16

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда бүгүн өлүм менен коштолгон окуя катталганын ӨКМ кабарлады.

Ала-Бука айылынын Жаштык көчөсүндө жайгашкан турак үйдө көмүрдөн чыккан иске ууланып, төрт адам каза болгон.

Окуя тууралуу маалымат «102» номерине саат 12:20 чамасында түшкөн. Каза болгондор — 1994-жылы туулган эркек киши (А.Д.), 2002-жылы туулган аял киши (И. кызы З.), ошондой эле 2024 жана 2025-жылы туулган эки кичинекей кыз (С.Д. жана С.М.).

Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери текшерүү жана тактоо иштерин жүргүзүүдө. Окуянын чоо-жайы аныкталып жатат.

17