7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футзал боюнча Улуттук курама команда Азия кубогунда өз жүрүшүн баштайт

364

Эртең, 27-январда, Индонезиянын борбору Джакарта шаарында футзал боюнча 2026-жылкы Азия Кубогу старт алат.

Нуржан Джетыбаев жетектеген Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасы «А» тайпасында турнир ээси Индонезия, Ирак жана Түштүк Корея курамалары менен күч сынашат.

Эртең Бишкек убактысы боюнча саат 14:00до курама команда алгачкы беттешин Ирак курамасына каршы өткорөт.

Жалпысынан турнирге 16 көлкө катышууда. Плей-офф баскычына ар бир тайпадан экиден курама чыгат.

Белгилей кетсек, түз алып берүүлөр УТРК Спорт жана Kyrgyz Sport TV каналдарында жеткиликтүү.

Оюндардын жүгүртмөсү:

27-январь, 14:00
Ирак — Кыргызстан

29-январь, 18:00
Индонезия — Кыргызстан

31-январь, 18:00
Кыргызстан — Түштүк Корея

365