Ала-Бука райондук хатибияты менен биргеликте район аймагындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, мечиттерге, ыйман жана илим жолундагы жакыр инсандарга көмүр таркатылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Кече көмүр кенинде иштеген Чыңгыз Сулайманов жана Мирлан Ажыгулов аттуу ишкерлер аз камсыз үй-бүлөлөргө 56 тонна көмүр таркатуу демилгесин колго алышкан. Райондук хатибияттын билдиришинче, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө негизинен 10-15 каптан бөлүнгөн.
Район тургундары берилген жардамдар үчүн демөөрчүлөргө жана көмүрдү өз дарегине жеткирүүгө салым кошкон хатибият кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, дубаларын беришти.