Диний-экстремисттик уюмуна таандык аудио, видео тасмаларды таркатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун 21 жаштагы Б.М., аттуу тургуну интернет мейкиндигинде “Инстаграм” социалдык тармагындагы жеке баракчасы аркылуу Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмуна таандык аудио, видео тасмаларды, символикаларды жана атрибутикаларды интернет тармагы аркылуу жайылтып, диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологияларын колдоп жүргөндүгү аныкталган.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 332-берененин (Экстремисттик материалдарды даярдоо,таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаранга карата чара көрүү үчүн кылмыш иши соттук кароого жиберилди.