Сузакта 18 жаштагы кызды ала качкан шектүүлөр аныкталды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү саат 21:30 чамасында Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караштуу Живпром айылында 2003-жылы туулган А.Н.ны үйүнүн алдынан чала тааныш болгон Бека аттуу бала үч шериги менен биргеликте эркине каршы күч колдонуп, «Деу Матиз» үлгүсүндөгү унаага салып, никеге туруу максатында уурдап кетишкен.
Алар Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи шаарчасынын Дача-Тилек участкасына жеткенде ала качкан бала кыздан «турмушка чыгасыңбы же каласыңбы?» деп сураган. Кыз макул болбой турганын айтып, каршылык көрсөткөндүктөн аны унаадан түшүрүп, белгисиз тарапка изин жашырып, качып кетишкен.
Бул факты боюнча топтолгон материал Сузак РИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 175-беренсинин (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Берилген тергөө тапшырмаларынын негизинде кылмышка шектүүү атуулдарды аныктап, тергөөгө камсыздоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.