7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде үйүнө курал-жарак сактап жүргөн жаран кармалды

740

Баткен облусунун 58 жаштагы тургуну Т.С. эч кандай тиешелүү документтери жок, сайлуу ТОЗ-8 үлгүсүндөгү бир даана ок-атуучу куралын, ИЖ-56 “Белка” эки стволдуу ок атуучу куралын, беш даана 28 каллибрдеги гильзалары жана бир даана аңчылык бычагын саткандыгы аныкталган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан маалымдады.

Маалыматка ылайык, соттон тинтүү жүргүзүү уруксаты менен 58 жаштагы Т.Снын жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөн мезгилде сактап жүргөн бир даана 1953-жылы чыгарылган ТОЗ-8 үлгүсүндөгү үстүндө оптикасы бар сайлуу ок атуучу куралы, бир даана ВЗ-1 үлгүсүндөгү пневматикалык ок атуучу куралы жана 6 даана 7,62х39 үлгүсүндөгү октору далил буюм катары алынган.

Баткен ОИИБнын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, Т.Снын кылмыштуу шериги 39жаштагы Ш.У. экендиги аныкталды. Ш.У.нун жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөндө бир даана ТОЗ-17 үлгүсүндөгү ок атуучу куралын, 1953-жылы чыгарылган СКС үлгүсүндөгү ок атуучу куралын жана 7,62х39 SP үлгүсүндөгү жалпы 28 даана октору менен сактап жүргөн жеринен аныкталып алынган.

Жалпысынан далил буюм катары 6 даана ок атуучу курал, 42даана октор жана 1 даана аңчылык бычагы алынып тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Бул факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү ) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми шектүү катары кармалган Т.С. менен Ш.У. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

741