Эки окуучудан коронавирус илдети аныкталып, мектеп карантинге алынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, «Газпром Кыргызстан» мектебинен Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан эки класстын окуучуларынан коронавирус илдети табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
«Кырдаалга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин алгоритмине ылайык, эки аптага аралыктан окууга өттүк» — деп билдирди мектептин жетекчиси Татьяна Кузнецова.
Эскерте кетсек, буга чейин «Газпром Кыргызстан» мектеби карантинге жабылып, бирок коронавирус кимден аныкталгандыгы тууралдуу маалымат тактала элек болчу.