7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ала качуу салт эмес!». Ошто 15 жаштагы кызды 4 жигит ала качып кеткен

398

Ошто 15 жаштагы кызды ала качкан төрт жигит кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-октябрь күнү болжол менен саат 22.00 чамасында Ош шаарынын А.Масалиев проспектиси менен Зайнабединов көчөсүнүн кесилишинде Ош шаарынын 2007-жылы туулган тургунун, жашы жетелек кызды ала качып кетип бара жаткан жеринен кармашкан.

Кыз бала жашы жетелек, Ош шаарынын тургуну. Ал эми «күйөө бала» болчу жигит 1995-жылы туулган Р. уулу У. Анын кылмышка шектүү шериктери 1985-жылы туулган О.Т, 1986-жылы туулган С.З. , 1985-жылы туулган М.У. аттуу жарандар.

«Учурда бул жарандардын үстүнөн кылмыш кодексинин 172-беренесинин (никеге туруу үчүн ала качуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы эртеӊ 20-октябрда Ош шаардык соту тарабынан каралат»,- деп берилет маалыматта.

Учурда төртөө теӊ убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

399