7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто депутат мас абалында эки жаранды сүзүп кеткен

525

Токмок шаардык кеңешинин депутаты мас абалында милиция кызматкери менен бир эркек кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздук камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 19-октябрда 01:20да «Тойота Лэнд Крузер» унаасынын айдоочусу Токмок шаарындагы Сарыбагышев көчөсү менен түштүктөн түндүктү келе жатып жолдо турган жөө жүргүнчүлөр 1987-жылы туулган Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери С.М.А.ны жана 1993-жылы туулган жаран А.И.Ж.ны сүзүп кеткен.

«Алар Токмок шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген, шаардык кеңештин депутатынын абалы оор деп бааланууда. Токмок ШИИБ тарабынан жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгында “Тойота Лэнд Крузер” үлгүсүндөгү айдоочусу болуп 1990-жылы туулган Токмок шаардык кеңешинен депутаты А.З.С. экени жана медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочу мас абалында экени аныкталган»,-деп берилет маалыматта.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

526