7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала качуу токтой элек. Бишкекте кыз уурдап бара жаткандар кармалды

1249

Бишкекте кыз ала качууга шектүү жарандар Бишкек — Нарын — Торугарт айланма унаа жолунда бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 102 кызматына бүгүн саат 13:40та Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун жанынан 22 жаштагы кызды Toyota үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкендиги тууралуу кабар түшкөн.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, ыкчам издөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөөнүн алкагында Бишкек — Нарын — Торугарт айланма унаа жолунун 33-37-чакырымынан Toyota Kuraun автоунаасын кармашкан. Анын ичинде уурдалды делген кыз жана беш эркек киши болгон. Алардын бири 24 жаштагы болжолдуу үйлөнөм деген жигит. Алар окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн алгач Чүй облустук милициясына алып келинип, андан соң Бишкектин Ленин райондук тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Белгилей кетчү жагдай, кармалгандардын бардыгы Ысык-Көл облусунун тургундары. Милиция алдын ала маалыматтарга таянып билдиргенине караганда, кыз менен жигит буга чейин сүйлөшүп жүргөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1250