7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чоң-Алайдагы абалдан улам Кыргызстан менен Тажикстандын элчилерине нота берилди

4031

Бүгүн, 4-июнда Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Бишкектеги элчисин чакырып, нааразычылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак бүгүн, эртең менен Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагына тажик аскерлери, аскердик техникалары менен максаттуу ичкери кирип келип, контейнерлерин жайгаштырган.

ТИМ тараткан маалыматта эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн буга чейинки келишимдерине карабастан, «чыңалууну жоюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн качып, Тажикстан тарап чек ара өкүлдөрүнун кайрылуусуна жооп бербей жана байланышка чыкпай жаткандыгы» белгиленген.

Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскер техникаларын алып кетүүсүн талап кылды.

Мындан саналуу саттан соң Тажикстан тарап да Кыргызстандын Душанбедеги элчиси Жаныш Рустенбековго, келишимдерди кыргыз тарапбузду деген негиз менен нота тапшырган. Бул тууралуу Тажикстандык орус тилдуу  «Азия-Плюс» басылмасы жазып чыкты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал чыңалган бойдон турганын бүгүн, 4-июнда эртең менен Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тажик тараптан автомобилдер жана жеңил брондолгон техникаларда аскер кызматкерлери чогулуп жатканы байкалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4032