Ош облусунун Чоң-Алай районуна карашту Унжу-Булак жергесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал бүгүн саат 09:00го карата салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
«Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, жаңжал катталган жок. «Абалды жөнгө салуу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат.
Чек ара кызматынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө«, -деп маалымдалат.
Эске салсак кечээ, 4-июнь болжол менен кечки саат 19:30 да Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Сибе жана Чулук айылынын тургундары эвакуацияланып башталган. Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы ӨКМ менен биргеликте жергиликтүү тургундарды коопсуз аймака көчүрүштү.
Мындан тышкары, Ош жана Бишкек шаарларында элдик штабдар ачылып, гуманитардык жардам уюштуруу иштери башталган.