Маршруттук таксилердин айрым айдоочулары сапка кайтып келе башташты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-июнда маршруттук таксилер линияга чыккан жок. Иш таштоо төртүнчү күнгө созулууда. Айдоочулар жол кирени көтөрүүнү талап кылышкан.
«Иш таштоонун аяктагандыгы жөнүндө айтуу эрте, бирок иш башка нукка бурулду. Акырындык менен айдоочулар сапка чыга баштады. Бирок сапка чыккан айдоочулардын так санын айта албайбыз»-деп берилет маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин январь айында маршруттук таксилер иш ташташкан. Андан кийин жол кирени алгач 15 сомго, андан кийин 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Муниципалдык автобустар менен троллейбустардын тарифин 10 сомго чейин көтөрүүнү сунушташкан.